Өмүр баяны
Борис Хамитович Кубаев 1943-жылы СССРдин Карачай автономиялуу облусундагы Учкулан айылында жарык дүйнөгө келген.
1943-жылдын 2-ноябрында карачай эли тээ ата-бабасынан бери жашап келе жаткан жеринен Орто Азияга күч менен көчүрүлүп, мекенине кайтып келүү укугунан ажыратылган. Ал кезде кичинекей Борис эки айлык гана наристе эле. Жүк ташуучу вагондо узак жана азаптуу жол жүрүп отуруп, апасы Балдаш Гергокаевна Джанибекова, эжеси Музалифа жана чоң энеси Гитче Джамбулатовна Байрамукова менен бирге Казакстандагы Арыс кыштагына келип калган.
Бористин атасы Хамит Ильясович Кубаев мал чарбачылыгы менен алектенген. Дал ошол сүргүн башталган күнү, тагыраагы, 1943-жылдын 2-ноябрында, ал камакка алынып, кийин саясий берененин негизинде соттолгон. 1944-жылдын 11-июлунда Хамит Кубаев СССРдин Ярославль облусундагы Рыбинск шаарында жайгашкан Волга түзөтүү-эмгек абагынын ооруканасында ачарчылыктан айынан алсырап, көз жумган жана жалпы мүрзөгө коюлган. Анын тагдыры тууралуу чындык Россиянын архивдеринде тынымсыз жүргүзүлгөн көп жылдык издөөлөрдөн кийин гана белгилүү болгон.
Тагдырдын оор сыноосу ушул экен, Борис Хамитовичти атасын көргөн эмес. Сегиз жаштагы эжеси Музалифа сүргүндө каза болгондон кийин, ал үй-бүлөнүн жалгыз уулу болуп чоңойгон.
1944-жылы апасы Балдаш Джанибекова туугандары Кыргыз ССРинин Нижнечуйское айылына сүргүнгө айдалганын угуп калат. Ошондой ал чоң тобокелге барууга туура келсе да, балдарын жана кайын энесин ээрчитип, Арыс деген жерден ошол жакты көздөй бет алат. Туугандары менен табышкан соң өмүрүнүн дээрлик калган жылдарын Нижнечуйское айылында өткөрөт. Кейиштүүсү, ал күйөөсүнүн тагдыры жөнүндө эч нерсе билбей, 1972-жылы дүйнөдөн кайткан. Бактыга жараша, ал уулунун илим жаатындагы ийгиликтерин жана кесиби боюнча жеткен алгачкы жетишкендиктерин көрүп, түтүн булатканына күбө болгон, ошондой эле улуу неберелерин да көрүп жетишкен. Сөөгү Нижнечуйское айылынын көрүстөнүнө коюлган.
Борис Кубаев Нижнечуйское айылындагы орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтка тапшырган. Курулуш факультетинде окуган болочок жубайы Фаризат Алиевна Дудованы алгач ирет так ошол жерден көргөн. Бирок бир жыл окугандан кийин билим алуу багытын өзгөртүүнү чечип, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине өткөн. Аны 1967-жылы «Филолог, англис тилинин нускоочусу» квалификациясы менен аяктаган. 1974-жылы ошол эле окуу жайынан «Өнөр жайды пландаштыруу» адистиги боюнча экинчи жогорку билим алган.
1967-жылдан тартып анын өмүр жолу жана эмгек жолу өзү билим алган университет менен тыгыз байланышып калган. Кыргыз мамлекеттик университетинде нускоочу, башкы нускоочу, кафедра башчысы, декан жана проректор болуп эмгектенген.
«Эл агартуунун отличниги» жана «Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер» наамдарына ээ болгон.
1983-жылы Борис Кубаев Алма-Ата эл чарба институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал эми 1999-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору деген илимий даражаны алган.
1992-жылдан 2003-жылга чейин Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча институтту жетектеген. 1998-жылдан тартып ар кайсы жылдары Франция, Япония, Италия, Чехия, АКШ, Таиланд жана Германиянын жогорку окуу жайларында дарстарды окуп, илимий конференцияларга катышкан.
2009-жылдын февралынан 2011-жылдын 19-майына чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин биринчи орун басарынын кызматын аркалаган. 2014-жылдан тартып АКШнын Калифорния штатындагы Эл аралык илим, билим берүү, өнөр жай жана искусство академиясынын мүчөсү болгон.
2003-жылы Борис Хамитович өзүнүн жогорку окуу жайын негиздөөнү чечип, Билим берүү жаатындагы заманбап маалыматтык технологиялар институтун (ИСИТО) түптөгөн. Бүгүнкү күндө ал Кыргыз Республикасындагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Борис Хамитович ичер суусу түгөнгө чейин ИСИТОнун негизги уюштуруучусу жана ректору болуп талбай эмгектенген.
Билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги боюнча Борис Хамитович көрөгөч жетекчи, өз ишин мыкты билген кесипкөй, бийик акыл-парасаты менен кең пейили айкалышкан инсан катары таанылган. Анын эмгеги ар кайсы өлкөлөрдө жана уюмдарда жогорку деңгээлде бааланган. Бул тууралуу кененирээк «Сыйлыктары» деген бөлүмдөн окуй аласыз.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ

1967-жылы Борис Кубаев менен Фаризат Дудова баш кошушканн. Экөө алты балалуу болушкан.
Фаризат Алиевна 1966-жылы Фрунзе политехникалык институтун «инженер-куруучу» адистигин аяктап, 1977-жылга чейин металл конструкциялары кафедрасында нускоочу болуп иштеген. Ошондой эле Фрунзе шаарындагы «Россия» кинотеатрынын имаратын долбоорлоого катышкан. I жана II даражадагы «Эне медалы» менен сыйланган. Өмүрүн үй-бүлөсүнө жана балдарына арнап, жолдошунун кесиптик өсүшүн колдоп, ага дайым өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон.
1994-жылы алардын үй-бүлөсүн кайгы басып, тун уулу Энверден айрылган.
Фаризат Алиевна 2025-жылдын 14-январында 84 жаш курагында дүйнө салган.
Жокчулуктун, ачарчылыктын, геноциддин, сүргүндүн азабын тартса да, жакындарынан айрылып күйүткө батса да, укуктарынан ажыратылса да, Борис Хамитович Кубаевдин күлүп-жайнап жүргөн жаркын мүнөзү өзгөргөн эмес, жашоого болгон ишеними солгундап калган да эмес. Ошондой оор турмушту башынан кечирсе да, кажыбас эмгектенген, адамгерчиликтүү жана боорукер адам катары аброюн жоготкон эмес. Башкалардын кайгысына кайдыгер карабаган ак көңүлдүгү аны тааныгандардын эсинде ташка тамга баскандай түбөлүккө сакталып калат.
Борис Хамитович 2023-жылдын 4-октябрында 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Жатхан жери эркин болсун. Аллах жаннет берсин.

Ол дуниясы жарыкъ болсун.

Made on
Tilda