Сыйлыктары жана наамдары
• 1998-жылы Борис Кубаевдын ысымы Дүйнөлүк энциклопедиянын «Эң белгилүү жетекчилер» аттуу бөлүмүнө киргизилген. Ошол эле жылы АКШда «Жылдын адамы» деп жарыяланган.
Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча институтту жетектеп турган кезинде Борис Кубаев жогорку билим берүүдөгү процесстердин методологиясын жана автоматташтырылышын ойлоп тапканы үчүн патент алган.

2001-жылдын 29-октябры рынок экономикасы жаатындагы көрүнүктүү изилдөөлөрү үчүн Нобель сыйлыгынын лауреаты В. Леонтьев атындагы алтын медаль менен сыйланган.

• 2017-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» медалы ыйгарылган.
2017-жылы «Деловая аудитория» сыйлыгынын «Жылдын социалдык долбоору» номинациясын алган (Москва, Россия Федерациясы).

• 2018-жылы Коомдук сыйлыктар жана наамдар боюнча эл аралык комитеттин «Евразия мамлекеттер биримдигинин ардактуу жараны» ордени менен сыйланган (Москва, Россия Федерациясы).

• 2019-жылы «Жоопкерчилик жана айкөлдүк» аттуу коомдук сыйлыгы ыйгарылган (Москва, Россия Федерациясы).

• 2020-жылы «Жетиген» республикалык көп тармактуу коомдук журналдын «Жылдын ректору» сыйлыгына ээ болгон (Бишкек, Кыргызстан).

м2021-жылы өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Кыргыз Туусу» гезитинин «Эл сыймыгы» медалын алган (Бишкек, Кыргызстан).

• 2022-жылы «Жетиген» республикалык көп тармактуу коомдук журналынын «Эгемендик баатыры» орденине жана сыйлыгына Бишкек, Кыргызстан.
2022-жылы «Жылдын адамы» элдик сыйлыгы ыйгарылган (Москва, Россия).

• 2023-жылы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн «Евразия мамлекеттер биримдигинин сыймыгы» төш белгисин алган (Москва, Россия).

• Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамына ээ болгон.

• «Кыргыз тили» республикалык коомунун «Ыйык тил» коомдук сыйлыгын алган (Бишкек, Кыргызстан).

• Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Бишкек шаардык кеңешинин жана башка мекемелердин ардак грамоталары.
Made on
Tilda